Коом

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Бул тууралуу УКМКНын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу КРнын жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жарандын “Telegram” мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. Эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button