Саясат

Кыргызстан менен Венгриянын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Будапештте Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Маданият жана инновациялар министрлигинин статс-катчысынын орун басары Габор Чаба менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын, анын ичинде жогорку билим берүү жаатындагы маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, атап айтканда, Бишкек шаарында ректорлордун экинчи Кыргыз-Венгер конференциясын өткөрүү, ошондой эле жогорку билим берүү тармагындагы жумушчу топтун кезектеги отуруму боюнча пикир алмашты.

Тараптар ошондой эле кыргыз-венгер биргелешкен толук метраждуу көркөм тасмасын тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button