Коом

Кумтөр билим берүү тармагындагы долбоорлорду колдоп келет

Акыркы жарым жыл ичинде Кумтөр тарабынан келечек ээлерине татыктуу тарбия жана билим берүүгө багытталган бир катар маанилүү иштер жасалды. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын облусунун Жаңы-Жол айылдык мектебинин информатика кабинети Кумтөрдүн колдоосу менен акыркы үлгүдөгү компьютердик техникалар менен жабдылып, айылдык карапайым жаштардын маалыматтык технологиялар дүйнөсү менен жакындан танышуусуна жол ачылды. 

Ошондой эле жыл башында Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары көп жылдан бери самап келген заманбап кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду. Кумтөрдүн бул колдоосу футболго кызыккан өспүрүмдөрдүн шыгын ойготуп, ыңгайлуу шартта үзгүлтүксүз машыгуусуна мүмкүнчүлүк түздү. 

Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы №55 кесиптик лицей дагы Кумтөрдөн олуттуу колдоого ээ болду. “Кумтөр Голд Компани” лицейчилер үчүн окутуунун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кызыл-Суу айылындагы филиалына 80 орундуу жатаканасынын курулушуна жана 100 орундуу филиалынын  ачылышына Кумтөр каржылык көмөк көрсөткөн. 

Учурда абдан актуалдуу болуп турган мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен “Кумтөр Голд Компани” бала бакчалардын курулушуна дагы өз салымын кошууда.

Алсак, акыркы эки ай ичинде Кумтөрдүн жардамы менен Ысык-Көл облусунда жаңы эки бала бакча ачылды. 2024-жылдын июнь айында Тоң районунун Темир-Канат айылында 40 орундуу, июлда Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында 120 орундуу жаңы бала бакчалардын салтанаттуу ачылыш аземдери өткөрүлдү. Баардык заманбап шарттары менен курулган бул бала бакчалардын ички жабдыктарын, эмеректерин сатып алууга дагы Кумтөр каржылык көмөк көрсөткөн. 

Жер-жерлерде социалдык демилгелерди жана долбоорлорду колдоого алуу — өлкөнүн эң ири өнөр жай ишканасы болгон «Кумтөр Голд Компанин» эң артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Компания мындан ары дагы сергек жашоо образын жайылтууга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган келечектүү долбоорлорду колдоого ала бермекчи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button