Окуялар
Ат-Башыда минивэн жүк ташыган унааны сүзүп, ичиндеги үч адам каза болду

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 378-чакырымындагы автокырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 16:05тер чамасында 22 жаштагы Т.А. аттуу адам айдап бара жаткан Honda Stepwgn менен Howo жүк ташыган унаа сүзүшкөн. Жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткени белгиленди.
Кырсыктан үч адам (ичинде Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу бар) ошол жерден көз жумган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүргүзүлүүдө.
ЖКККББ эреже бузулган учурларды сүрөт-видеосун 0777 102-102 номерине жөнөтүп, жол кырсыктарын алдын алууга көмөк кылууну өтүндү.



