Коом

Октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлүп, 7000 сомго чукул болот

Октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 29-августтагы № 534 токтомунда айтылган.

Маалыматка ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга, 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт. Ошондой эле кошумча-алымчалары менен пенсиянын минималдуу көлөмү 6900 сомдон кем болбошу керектиги айтылган.

Эске салсак, бул пенсияны көтөрүүнүн экинчи этабы. Биринчи этабы 1-июлда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button