Коом

Депутат: Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу үч жылдан бери бүтпөй койду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу үч жылдан бери курулуп келатканын билдирди.

Айтымында, учурда Тоң жана Жети-Өгүз районунун эли жол салынып бүтпөй койгонуна нааразы болушууда.

Ал президент өзү бул жолдун курулушун ишке киргизгенин, жолду кыргыз ишкерлери куруп жатканын белгиледи.

«Бул жолду куруп жаткандар президентти уят кылышат. Подрядчиктер курулуш ишин ылдыйкы наркта башташканын, МинКаб жогорулатууну убада кылганын, бирок бир тыйын да кошпогонун айтышууда», — деди Түмөнбаев.

Ал аталган жол эмнеге ушул убакка чейин курулуп бүтпөй калганын аныктоону сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button