Кыргызстандагы «рекордсмен»: 32 жолу сынактан кулап, 33-жолу гана айдоочулук күбөлүк алган

«Унаа» транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстандагы «рекордсмен» тууралуу айтты.
«Ал 32 жолу сынактан кулап, 33-жолу гана ийгиликтүү өтүптүр. Биз системаны талдап көрсөк, ага бир да жолу окшош суроо түшпөптүр. Системада 700дөн ашуун суроолор бар, улам кийинки аракетте башка суроо чыгып турат», — деди Шералиев.
Айтымында, мурда сынактан кулаган жаран 10 күндөн кийин кайра тапшыра алса, азыр 3 күндөн кийин эле сынакка кире алат. Жаңы эрежеге ылайык, сынактардын саны чектелген эмес. 2022-жылга чейин сынактан үч жолу кулаган курсанттар кайрадан окууга жиберилчү. Бул алар кандай суроо болбосун жооп бере ала тургандай болсун деп жасалчу.



