Коом

Кыргызстанда жаңы жылдык каникул 1-январдан 7-январга чейин болушу мүмкүн

Эмгек министрлиги токтом долбоорун алып чыкты. 
Майрам күндөрү төмөнкүдөй жылдырылат: 

2-январдагы эс алуу күнүн 11-январда иштейбиз (ишемби)

3-январдын ордуна 24-февралда иштейбиз (дүйшөмбү)

6-январдын ордуна 10-мартта иштейбиз (дүйшөмбү)

24-февраль 23-февралга (Ата Мекенди коргоочулар күнү) карата эс алуу күнү болмок, ал эми 10-март — 8-мартка карата (Аялдардын э л аралык күнү) дем алыш болмок. 

Ошондой эле, май айында 5 күн катары менен эс алышыбыз мүмкүн.  Эмгек министрлиги сунуштаган токтомго ылайык, 1-майдан 5-майга чейин эс алуу сунушталууда. Ортодогу иш күн 2-май 1-сентябрга жылдырылат. 

Негизи 1-сентябрь (дүйшөмбү) 31-август (Эгемендүүлүк майрамы) жекшембиге туура келгендиктен эс алуу күнү болушу керек эле, бирок ал күндү 2-майдын ордуна иш күн кылуу сунушталып жатат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button