6-февралга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 6-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −8…-13, күндүз −1…+4;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −8…-13, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1…-6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −8…-13, күндүз −1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн −18…-23, күндүз −3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн −9…-11° суук, күндүз 2…4° болот.



