Окуялар
Whatsapp аркылуу чиновниктердин атынан акча талап кылып жүргөн бала кармалды

19 жаштагы жигитти ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет аркылуу шылуундук кылган деп колго түшүрүшкөн.
Маалыматка ылайык, ал Whatsapp аркылуу ар кимге жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүп жүргөн.
«Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголуп, шектүүнүн жашаган жеринен банк карталары, 173 сим карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.
@abal-kg



