Спорт

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылы Азия кубогун кабыл алууну пландоодо

Биргелешкен арыз Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү.

АФК талабына ылайык, аталган турнирдин ачылыш жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек. Бишкекте курулуп жаткан стадион  ачылганда 51 миң күйөрман батат.

“Борбор Азия мамлекеттери менен бирге континенттик мелдешти кабыл алуу чоң сыймык. Бул коңшу мамлекеттер менен достукту бекемдеп, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр баркын жаңы денгээлге чыгарат”, — деди КФБ президенти Камчыбек Ташиев. 

Мелдешке билдирме берүү жана турнирди кабыл алуу процесси бир нече баскычтан туруп, жыйынтыгы 2026-жылы белгилүү болот.  Аталган мелдешти өткөрүү калоосун азырынча Кувейт, Индонезия жана БАЭ билдирген.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button