Коом
Лейлектен Тажикстанга 190 гектар берилип, кайра 190 гектар жер алынды–Ташиев

Камчыбек Ташиев Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар берилип, кайра 190 гектар жер алынганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
УКМК төрагасы учурда парламентте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берүүдө.



