Саясат
Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет

Бишкекке мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, сапар 12-13-мартка белгиленген.
ЖКККББ Рахмондун келишине байланыштуу айрым жолдордо чектөөлөр киргизилерин билдирип, аларды тизмектеди:
«Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чек арасына чейин;
Фучик көчөсү, Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси, Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү, түштүк багытта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ айдоочуларды көрсөтүлгөн жол тилкелеринде унааларды токтотпоого чакырды.



