Коом

Кыргызстан аскердик рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунга чыкты 

Кыргызстан дүйнөлүк аскердик рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунду ээледи. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлү Саламат Райымбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары аскер тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, материалдык-техникалык база бекемделип, офицерлердин кесипкөйлүгү арттырылууда. Кыргызстанда аскердик кызматташуу кеңейип, жаңы технологиялар киргизилүүдө.

Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 33 жыл толду.

Тектеш кабарлар

Back to top button