УКМК: Департаменттин директору алдамчылык фактысы менен кармалды — ВИДЕО

Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМКнын дарегине А.Г.Н. аттуу жаран Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директоруна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, ал 11 700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган жана Ош облусунун аймагында жеке турак-жай үчүн жер тилкесин берүүнү убада кылган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө К.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишенимге кирип, алдоо жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
Келип түшкөн материалдардын натыйжасында, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу РИИБ менен биргеликте келип түшкөн аудио-видео материалдарды иликтеп чыгып, натыйжасында Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору К.У.Б. кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, кылмыш схемасынын бардык катышуучулары аныкталууда.



