Баткен районунун Самаркандек айылында ок-дарылар жана ок атуучу куралдар сакталган жай табылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылында ок-дарылар жана ок атуучу куралдар сакталган жай табылды.

Алсак, 2025-жылдын 5-июнунда Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек а/а чек ара тилкесинде кароосуз калган көмүр шахтасынын кире беришинде жашыруун жай табылган. Катылган сумкалардын жана кутулардын ичиндегилерди текшерүү учурунда ок-дарылар, атап айтканда: 5,45; 7,62-39; 7,62-52 жана 7,62-54 мм калибриндеги 20 миңге жакын патрондор; ошондой эле РПГ-18 системасынын Муха гранатометинин 3 бирдиги алынган.

Көрсөтүлгөн ок-дарылар жана ок атуучу куралдар Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын чек арага чектеш участкаларында коомдук-саясий кырдаалды курчутууга кызыкдар болушу мүмкүн болгон криминалдык жана башка кыйратуучу элементтер тарабынан кылмыштуу максаттарда пайдаланылышы мүмкүн экендиги жокко чыгарылбайт.
Учурда УКМК органдары тарабынан ок-дарылардын жана танкка каршы кол гранатаметтеринин аталган жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



