Коом

Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясы ишке кирди

Садыр Жапаров Канттагы цемент заводунда жаңы линияны ишке киргизди. Ишкананы модернизациялоо кытайлык Beijing Triumph Engineering компаниясынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын катышуусунда ишке ашырылган. Жалпы инвестициянын көлөмү 60 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен куттуктап, бул долбоор өндүрүш тармагын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргызстандын экономикасын жандандырып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Учурда Кыргызстанда курулуш тармагы ыкчам темп менен өнүгүп, өлкө боюнча жолдор, көпүрөлөр, турак үйлөр, мектептер жана башка социалдык объектилер курулуп жатканын айткан Садыр Жапаров сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурдурду.

Тектеш кабарлар

Back to top button