Коом
Депутат төрөтканалардагы коррупцияга байланыштуу УКМК төрагасына кайрылды

Камила Талиева азыр дарыгерлерге акча төлөбөгөн аялдарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй жатканын билдирди.
“Өзгөчө №4 жана №6 төрөтканалар боюнча арыздар келип түшүүдө. Айрым бейтаптар эгерде акушерлерге 100-200 доллар төлөбөсө каралбай кала тургандыгын билдиришкен. […] Дарыгерлер мамлекеттен маяна алып жана кошумча түрдө элден акча талап кылганы — мыйзам бузуу. УКМК төрагасынан төрөт мекемелериндеги мыйзамсыз акча жыйноо жана коррупциялык схемаларды терең иликтөөнү суранабыз”, — деди эл өкүлү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери төрөттөн 9 аял көз жумган. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 учурга көп.



