Коом

УКМК: Таласта “Бандит” иш-чарасы өткөрүлдү

УКМКнын Талас облусундагы башкармалыгы, Талас ОИИБдин ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттеринин алдын алууга багытталган «Бандит» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 48 жарандын ичинен облус аймагында жашаган 13 жаран Талас ОИИБге жеткирилди. Алардын биометрикалык маалыматтары алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары каттоодо турган 6 жаран чет өлкөдө экени, 5 жаран түрмөдө жаза өтөп жатканы жана 24 жаран өлкөнүн башка аймактарында жашап жатканы аныкталды.

Жыйынтыгында каттоодо турган УКТ мүчөлөрү кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясынан баш тартып, мыйзам талаптарын сактоого милдеттеме алышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button