УКМК: “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү болду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2025-жылдын 15-октябрында Талас облусунда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүндө (Экстремисттик уюмду уюштуруу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

«Хизбут-Тахрир» ДЭУга тиешелүү 9 адамдын (алардын 7и мурда ушул сыяктуу беренелер менен соттолгон) жашаган жеринен ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, диний адабияттар, ок атуучу куралдар, пневматикалык мылтык, электрондук алып жүрүүчү (компакт-дисктер, флешкалар, планшеттер, мобилдик түзүлүштөр) табылып, алынган.


Тинтүү учурунда алынган бардык буюмдар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү экспертизадан өткөрүлөт.




