Коом
3-ноябрга карата күтүлгөн аба-ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13 … +18, Талас жергесинде +9… +14, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +14… +19, Ысык-Көлдө +13, +18, Нарында +10.. +15, ал эми Бишкек шаарында +14… +16 градус болуп, жылуу болушу күтүлөт.



