Үйдө эң көп кир топтолгон жети буюм аныкталды

Австралиялык тазалык боюнча адис Жейсон Шипвэй күнүмдүк турмушта көп байкалбай, бирок эң көп микроб топтогон үй-бүлөлүк буюмдардын тизмесин атады. Анын айткандарын британдык Daily Mail басылмасы жазды.
Шипвэйдин билдирүүсүндө, сырткы көрүнүшү таптаза көрүнгөн ашкана деле микробдорго толуп турушу мүмкүн. Айрыкча кайра-кайра колдонулган, бирок ар пайдаланган сайын жуулбай калган суу бөтөлкөлөрү, андан сырткары идиш-аяк жууган губкалар жана чүпүрөктөр микробдор үчүн идеалдуу шарт түзөт. Эксперт бул буюмдарды айына бир жолу алмаштырууну сунуштады.
Бактериялардын дагы бир булагы — кадимки кир жуугуч машина. Машинанын эшигиндеги резина баскычтары жана порошок салынуучу бөлүк дайыма ным болуп тургандыктан, анда көгөрүү жана зыяндуу бактериялар бат көбөйөт.
Шипвэй телевизордун пульту менен смартфондор да санитардык коопсуздук жагынан эң начар сакталган буюмдардын катарын толуктай турганын белгилейт. Анын айтымында, бул шаймандарды адамдар көп учурда кир кол менен кармашат, смартфонду болсо дааратканага, коомдук транспортко жана вирус-жугуштуу жерлерге да алып жүрүшөт. Ошондуктан ал бул буюмдарды спирттүү салфетка менен үзгүлтүксүз тазалап турууга чакырды.


