Коом

Мурун бүтүп дем алуу кыйындаса жүрөктө көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн

Кардиолог Мария Чайковская мурун бүтүп, «насморк» болгондо адамда жүрөк менен байланышкан көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал простуданын күтүүсүз таасири тууралуу Telegram-каналында айтып берди.

Чайковскаянын түшүндүрмөсүнө караганда, мурундун былжыр челинин сезгениши учурунда жүрөк ритмин жөнгө салууга катышкан нервдин сезимтал бутактары активдешет. Натыйжада адам жүрөктүн убактылуу ритм бузулууларын сезиши мүмкүн.

«Мурундун көп агышы, шишик, тез-тез мурун тазалоо же ооз менен дем алуу пульстун кыска убакытка тездеп же жайлап кетишине, жеңил тахикардияга же тескерисинче пульстун жайлашына алып келиши мүмкүн», — деп жазды адис.

Ошондой эле Чайковскаянын айтымында, жөтөл жана аллергиялык ринит да жүрөктүн ишин убактылуу өзгөртүшү мүмкүн, бирок бул — адамдын кадимки физиологиялык абалы.

Тектеш кабарлар

Back to top button