Саясат

Президент: Акимиаттарда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция дагы деле толук жоюла элек

Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынын ачылышындагы кайрылуусунда жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык тобокелчиликтер дагы эле толук жоюла элек экенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы башкаруу системасынын киргизилиши менен саясий коррупцияга бөгөт коюлган. Ошол эле учурда бийлик коррупцияга каршы күрөштү ырааттуу улантып келет.

«Биз коррупцияга каршы тайманбай күрөшүп жатабыз жана бул ишти силер менен бирге улантабыз. Эгер коррупция боюнча маалымат болсо, аны ачык айткыла», — деди Садыр Жапаров.

Президент министрлер кабинетинин деңгээлинде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жетишилгенин, бирок төмөнкү баскычтарда — акимиаттарда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө — көйгөй дале сакталып жатканын белгиледи.

Ал мисал катары Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мурдагы мэрлерин, ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүндөгү фактыларды келтирди. Президенттин айтымында, аталган айыл өкмөтүндө бир эле парк үч жыл катары менен отчетторго киргизилип, бюджеттик каражаттар өздөштүрүлгөнү менен, иш жүзүндө эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.

Мамлекет башчысы мындай коррупциялык схемаларга тиешеси бар жетекчилер сөзсүз түрдө жоопко тартыларын баса белгиледи. Ал мурдагы чакырылыштагы парламент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берген мыйзамды кабыл алганын эске салды.

Ошондой эле Садыр Жапаров коррупциянын тамыры мурдагы жылдардагы ачык-айкын эмес парламенттик шайлоолорго барып такаларын, ошол учурда кызмат орундарына тааныштык же акча аркылуу келгендер көп болгонун айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button