Саясат

ЖК комитеттери республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоду

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button