Коом

УКМК: «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» унаа жолун курууда ченемдерди одоно бузган подряддык уюмдун негиздөөчүсү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –  УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, КР УКМК тарабынан «Балыкчы — Бөкөнбаев-Каракол» авто жолунун курулушунун үч участогу боюнча «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы, Республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүткөрүлбөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коммерциялык уюмдун кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсынын жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жаран И.М.И. кармалып, Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button