Коом

5 саат иштешет. Айрым кесип ээлеринин иш убактысы кыскарды

Министрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгы боюнча токтом кабыл алды.

Ага ылайык, дарыгерлер, китепканачылар, маданий массалык иш боюнча инструкторлор, маданий иш-чараларды уюштуруучулар, чачтарачтар алты саат иштешет.

Ал эми жумушунда өлүктөр жана өлүктүн материалдары менен байланышкан кызматкерлер, анын ичинде дарыгерлик бөлүмдүн, лабораториянын жетекчиси, орто жана кенже медициналык персонал, өндүрүш жайларын тазалагандар беш саат иштешет.

Денесине радиоактивдүү препараттар коюлган ноокастарды тейлөө боюнча палаталарда, радиоманипуляциялык кабинеттерде, лабораторияларда гамма-препараттар менен иштеген кызматкерлер төрт саат иштей турганы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Back to top button