Эрулан Кокулов президентти мамлекеттик кызматкерлерди тизгиндөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов парламент жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал мамлекеттик кызматкерлердин ишин сынга алып, аларды тарбиялап, иштин сапатын жакшыртуу зарыл экенин белгиледи.
Эл өкүлү санитардык-гигиеналык талаптар бузулганын аныктаган «Аврора» санаторийиндеги кырдаалга токтолду.
Кокуловдун айтымында, жооптуу кызматкерлер берген жоопторунда депутаттарды да, мамлекет башчысын да, элди да алдап жатышат.
«Президент жакшы иштеп жатат, өлкө өнүгүп жатат. Бирок анын айланасында төрт-беш эле адам нормалдуу иштейт, калгандары жөн эле жүрүшөт, бул жакка келип, бизди шылдыңдашат, Жогорку Кеңештин үстүнө минип алышкан. Шаардын борборунда Нариман Түлеев эки кабаттуу имарат курабыз деп убада берип, бүт өлкөгө долбоорун көрсөткөн, бирок үч кабат кылып салып койгон. Аны Камчыбек Ташиев токтотту. Андан башка эч ким жокпу? Мындай иштерди сөзсүз президент же ГКНБ эле кылышы керекпи? Анда башка жооптуу мамлекеттик органдар эмне кылып жатышат, эгер иштебесе, айлыкты эмне үчүн алышат?» — деп суроо салды депутат.
Ал мамлекеттик кызматкерлер президентке жагынуу үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек деген пикирди билдирди.



