Коом
Кумтөр мамлекетке алынгандан бери бюджетке 100 млрд сом салык төктү

2021-жылдан бери мамлекеттик көзөмөлдөгү Кумтөр кенинен 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы кендин таза пайдасы 706 млн долларды түздү.
«Жалпысынан 5 жыл аралыгында Кумтөр кенинен 70 тонна алтын өндүрүлүп, запастар көбөйтүлдү», — деп айтылат маалыматта.



