Коом

Манас шаарында 167 аскер кызматкерине ипотекалык батирлер берилди

Бүгүн, 23-февралда Манас шаарында 167 аскер кызматкерине ипотекалык батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлады.

Батирлерди тапшыруу аземине Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын колбашчысы Самат Сейдалиев катышты.

Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган.

Эске салсак, 2025-жылдын 1-октябрында коргоо министри Руслан Мукамбетов Каракол шаарында жайгашкан ипотекалык көп кабаттуу турак жайдан батир алууга ээ болгон 40тан ашык аскер кызматчысына жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган.

Тектеш кабарлар

Back to top button