Калыс-Ордодо иттер кол салган алты жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда 1-апрелде саат 15:30 чамасында иттердин тобу алты жаштагы баланы талап кетти. Бала №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.
Жабырлануучунун атасынын айтымында, окуя болгон учурда ал жубайы менен жумушта болгон. Бала эжелери карап турган учурда сыртка ойногону чыгып кеткен. Кол салуунун кесепетинен баланын баш сөөгүнүн бир бөлүгү ачык калып, колу-буттары катуу тиштелген.
Коңшулар тез жардамды күтпөстөн, баланы «Портер» жүк унаасы менен ооруканага алып жөнөшкөн. Жолдон аларга милиция кызматкерлери жолугуп, баланы патрулдук унаага өткөрүп, сигнал менен медициналык мекемеге жеткиришкен. Операция үч саатка созулган, учурда бала жандандыруу бөлүмүндө.
Атасынын айтымында, кол салган иттер кошунага тиешелүү. Алардын үчөөсү атып өлтүрүлгөн, бирок канча ит катышканы так белгисиз. Кошуна бардык иттер ага таандык экенин четке какканы менен, Бекзат Туйтуев булар кароосуз калган көчө иттери эмес, үйдө багылган иттер болгонун айтууда.
Бул факт боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат. Жабырлануучунун атасы иттердин ээси мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылууда.



