Коом

1-апрелден тартып электр кубаттуулугуна болгон чектөөлөр толугу менен алынды

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинин аяктаганына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы боюнча 2026-жылдын 1-апрелинен тартып эң жогорку жүктөм сааттарында киргизилген электр кубаттуулугуна болгон чектөөлөр толугу менен алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук электр тармактары билдирди.

Эске салсак, буга чейин убактылуу кубаттуулукту төмөндөтүү Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолушуна байланыштуу, ошондой эле өлкө боюнча бардык керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында киргизилген.

Тактап айтканда, электр энергиясын берүү кубаттуулугу эң жогорку жүктөм учурунда — эртең менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин төмөндөтүлгөн.

Ага ылайык: — бир фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин төмөндөтүлгөн; — үч фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин кыскартылган.

«Эгерде бул чаралар көрүлбөсө, эң жогорку жүктөм учурунда электр энергиясын керектөө кескин өсүп, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кооптуу чекке чейин түшүп кетиши мүмкүн эле. Энергетиктер тарабынан көрүлгөн ыкчам жана комплекстүү чаралардын аркасында бул коркунучтар алдын алынды», — деп билдиришти Улуттук электр тармактарынан.

2025-жылы электр энергиясын керектөө 19 миллион 94,8 миң кВт·саатты түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу (18 миллион 235 миң кВт·саат) 859,8 миллион кВт·саатка же 4,7 пайызга көп болгон.

Керектөөнүн өсүшүнүн негизги себептери — турак жайлардын, жаңы өндүрүш объектилеринин курулушу, керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү жана жаңы объектилердин электр тармактарына кошулушу.

2026-жылдын 1-январына карата керектөөчүлөрдүн жалпы саны 1 миллион 621 миң 292ни түзгөн (анын ичинде калк — 1 миллион 503 миң 813, калктан тышкары — 117 миң 479).

2025-жылы керектөөчүлөрдүн саны 36 миң 287ге көбөйгөн, анын ичинде 30 миң 976сы — калк секторунда, 5 миң 311и — калктан тышкары сектордо.

Ошол эле учурда, Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформаларга ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык ийгиликтүү жүргүзүлүп, эски жабдуулар жаңыланып, ири ГЭСтер реконструкцияланып, чакан ГЭСтер жана көмөкчү станциялар курулуп, кубаттуулук жогорулатылган. Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүү болгон жок.

Кубаттуулукту төмөндөтүү өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында «Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин» 79-пунктуна, электр энергиясын жеткирүү келишимдерине жана техникалык шарттарга ылайык киргизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button