Коом

Социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эмгек акыны жогорулатуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.

Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмү кошумча киргизилди.

Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган. Анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү каралууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button