Коом

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Энергетика министрлиги энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө, — деп билдирет аталган министрликтен.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн иштердин алкагында «Чакан ГЭС» ААК 2026–2027-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин улантып, зарыл болгон техникалык жана профилактикалык иш-чараларды ишке ашырууда.

Учурда компаниянын карамагындагы ГЭСтерде жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана жогорку жүктөм мезгилине даярдоо максатында жабдууларга капиталдык, орточо жана утурумдук оңдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

2026-жылга бекитилген оңдоо планына ылайык, төмөнкү ГЭСтерде капиталдык оңдоо иштери жүргузүлөт:

1. Г ЭС-3түн №1 гидроагрегатында;

2. ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;

3. ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;

4. ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.

Мындан тышкары, Быстровка ГЭСиндеги №2 гидроагрегатка жана ГЭС-1деги №1 гидроагрегатка орточо оңдоо жүргүзүү пландалып, бүгүнкү күнгө Быстровка ГЭСиндеги №2 гидроагрегаттын орточо оңдоосу ийгиликтүү аяктады.

Учурда ГЭС-1деги №1 гидроагрегата орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп, ГЭС-6дагы №2 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу уланууда. ГЭС-6да жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин алкагында Г-2 гидроагрегатынын статор оромосунун изоляциясы алмаштырылды. Иштер аяктагандан кийин «Чакан ГЭС» ААКнын релелик коргоо жана автоматика кызматы тарабынан генератордун статор оромолоруна электрдик өлчөөлөр жана тышкы булактан берилген 50 Гц жыштыктагы жогорулатылган чыңалуу менен жогорку вольттуу сыноолор жүргүзүлүүдө. Болжол менен, аткарылып жаткан жумуштар июнь айынын ортосунда бүтөт.

Муну менен бирге, 2026-жылы негизги жана көмөкчү жабдууларга, имараттар менен курулмаларга 299 утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү каралган.

Гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда:

— өздүк муктаждыктар үчүн 8 трансформаторду алмаштыруу;

— ГЭС-3төгү №2 гидроагрегатка 6,3/0,4 кВ жогорку чыңалуудагы трансформатору менен тиристордук козгоо системасын сатып алуу жана орнотуу;

— ток трансформаторлору жана микропроцессордук коргоо менен жабдылган 35 кВ чыңалуудагы 3 комплект вакуумдук өчүргүчтөрдү сатып алуу жана орнотуу.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар күз-кыш мезгилиндеги эң жогорку жүктөм учурунда «Чакан ГЭС» ААКка караштуу гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана туруктуу ишин камсыз кылууга, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button