Арашан койлорун экспорттоого уруксат берилди

Арашан койлорун экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн токтому чыкты. Бир жуманын ичинде күчүнө кирет.
“Жалпыга маалым болгондой, арашан коюнун экспортун жапканыбыздын себеби – малдын этинин (кой) кымбатташы болду. Асыл тукум мал болгон үчүн уруксат берилип жатат. Негизи чектөөлөргө мен каршымын. Күз айларында чектөөлөр аягына чыгат деп күтүп жатабыз. Малды багуунун максаты – аны сатуу болгондуктан, аны сатышыбыз керек. Аны менен фермер өзүнүн чыгымдарын актап, өзүнө пайда алышы керек. Өкмөт бул багытта иштерди алып барууда. Кардар үчүн дагы, фермер үчүн дагы пайдалуу боло тургандай балансты сактап, экспортко жол ачып беребиз”,-деди министр.



