Коом

Бишкекте ШКУнун өнөр жай көргөзмөсү ачылды

Бишкектеги «Жаштык арена» спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өз ишин баштады.

Иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө. Көргөзмө ШКУга мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жолугушуусунун расмий программасына киргизилип, 6-июнга чейин уланат.

Ага Беларусь, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 50дөн ашуун өндүрүшчү компания катышууда. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, көргөзмөнүн өзгөчөлүгү — ага өзүнүн технологияларын жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган ишканалар гана катышып жатат.

Аянтчада машина куруу, энергетика, электр техникалары жана лифт жабдуулары, металлургия, курулуш материалдарын өндүрүү, химия жана фармацевтика өнөр жайы, шаардык электр транспорту, HVAC-системалары жана өнөр жай технологиялары боюнча долбоорлор көрсөтүлүүдө.

Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Biexpo өткөрүп жатат. Уюштуруучулар көргөзмө бизнес-өкүлдөрү менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга, инвестиция тартууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилешти.

Долбоор экономикалык байланыштарды чыңдоого жана ата мекендик ишканалар менен инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button