Коом

Кыргызстанда жынысты алмаштыруу операцияларына жана гормоналдык терапияга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда жынысты алмаштыруу операцияларына жана расмий документтерде жынысты өзгөртүүгө тыюу салуу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңеш биринчи окууда бир добуштан колдоду.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Болот Сагынаевдин айтымында, мыйзам жынысты алмаштыруу максатындагы хирургиялык операцияларга, гормоналдык терапияга жана башка медициналык кийлигишүүлөргө тыюу салууну сунуштайт.

Ошондой эле жарандык абал актыларында жана жеке документтерде жыныс тууралуу жазууну өзгөртүүгө бөгөт коюлат.

Тубаса жыныстык өнүгүү кемтиктери бар учурлар үчүн өзгөчө тартип сакталат. Мындай учурда документтерди өзгөртүү дарыгерлер комиссиясынын корутундусунун жана соттун чечиминин негизинде гана мүмкүн болот.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору учурдагы укуктук боштукту жоюуга багытталган. Алардын пикиринде, бул жыныс тууралуу маалыматты медициналык маалымкаттардын негизинде өзгөртүүгө жол берген жагдайды жоюу жана салттуу баалуулуктарды коргоо үчүн зарыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда расмий түрдө жынысты алмаштыруу операциясы катталбаганын билдиришти. Ошондой эле тубаса жыныстык өнүгүү кемтиктери боюнча статистика жүргүзүлбөй турганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button