Саясат

Президент: Кыргызстан БУУда уюмду реформалоо боюнча сунуштарын киргизет

Президент Садыр Жапаров өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандан кийин уюмду реформалоо боюнча сунуштарын киргизерин билдирди. Бул туурасында ал «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Мамлекет башчы кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү зарыл болсо, бул маселе БУУнун алкагында каралып, чечим уюм тарабынан гана кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

«Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот», — деди Жапаров.

Президент ошондой эле айрым өлкөлөрдүн башка мамлекеттерге өз алдынча санкция киргизүү практикасын токтотуу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, мындай чечимдер эл аралык уюмдун деңгээлинде кабыл алынышы керек.

Жапаров Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салууда демилге көтөрүп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты бекемдөөгө салым кошкону БУУ үчүн күтүүсүз болгонун айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button