Саясат
Президент энергетика министри Таалайбек Ибраевди кызматтан кетирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Таалайбек Ибраев Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан бошотулду.
Ал эми Алтынбек Рысбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.



