Коом

Өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу алгачкы 30 станция орнотулду

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу алгачкы 30 станцияны орнотту. Маалыматты аталган ишканадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кубаттоочу станциялар калктуу конуштарга жана туристтик стратегиялык багыттарга, өзгөчө Бишкек – Торугарт жолунун боюна жайгаштырылды. Анын ичинде:

  • Чүй облусу – 14 даана;
  • Нарын облусу – 8 даана;
  • Ысык-Көл облусу – 6 даана;
  • Талас облусу – 2 даана.

«Ар бир станциянын кубаттуулугу 120 кВтты түзүп, электр унааларын кыска убакыт ичинде тез кубаттоого мүмкүндүк берет. Долбоор «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл аягына чейин өлкө аймагында мындай станциялардын санын 100дөн ашыруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button