Без рубрикиКоом

Кыргызстанда халал-индустриядагы мыйзам бузуулар үчүн 65 миң сомго чейин айып пул салынат

Ушул жылдын 15-июнунан тартып Кыргызстанда халал-индустрия тармагындагы мыйзамдарды бузгандык үчүн административдик жоопкерчилик каралган өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — халал продукциясын өндүрүү жана жүгүртүү, халал кызматтарын көрсөтүү тармагында мыйзамдуулукту бекемдөө, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле халал продукциясы рыногундагы ак ниетсиз аракеттерге, анын ичинде халал сертификаттарын жасалмалоого, маркировкаларды бурмалоого жана керектөөчүлөрдү адаштыруунун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Административдик жоопкерчилик халал продукциясын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда жана сатууда белгиленген талаптарды сактабагандык үчүн, ошондой эле белгиленген стандарттарга шайкештигин ырастаган документтери жок туруп халал кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн каралган.

Жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ал эми халал продукциясынын талаптарга шайкештигин тастыктоо эрежелерин бузгандыгы жана милдеттүү жол-жоболордон өтпөстөн тиешелүү документтерди бергендиги үчүн юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.

Мындан тышкары, малды туура эмес союу, тоюттандыруу эрежелерин бузуу, зарыл документтердин жоктугу жана жасалма сертификаттарды колдонуу үчүн да жоопкерчилик каралат.

Тектеш кабарлар

Back to top button