Дарыгер жайкы аптапта ашыкча тамактануунун зыяны тууралуу эскертти

Жайкы аптаптуу күндөрдө ден соолукка коркунуч суусуздануудан же күндүн алдында көп жүрүүдөн гана эмес, ашыкча тамактануудан да келип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу гастроэнтеролог Евгения Мельникова билдирди.
Анын айтымында, ысык аба ырайында организм дене табын нормалдуу кармап туруу үчүн көп күч жумшайт. Мындай учурда көп тамак жеш тамак сиңирүү органдарына кошумча күч келтирет.
«Көп өлчөмдөгү тамакты сиңирүү үчүн ашказан, ичеги-карын, боор жана уйку бези активдүү иштеши керек. Ысыкта мындай жүк организмге оор тиет. Ошондуктан жай мезгилинде ашыкча тамактангандан кийин адамдар көбүнчө ашказандын оорлошун, ичтин көөп кетишин сезишет. Мындан тышкары, уйку басып, ашказан аймагында ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн», — деди адис.
Дарыгердин айтымында, ысык аба ырайы организмдеги суюктуктун жоголушун күчөтөт, ал эми ашыкча тамактануу бул абалды ого бетер начарлатат. Анткени тамакты сиңирүү үчүн да суу керек. Өзгөчө майлуу, куурулган жана оор тамактар көп суюктукту талап кылат. Эгер адам жетиштүү суу ичпей туруп ашыкча тамактанса, суусуздануу коркунучу жогорулайт.
Мельникова ошондой эле тамак сиңирүү маалында организмде кошумча жылуулук пайда болорун белгиледи. Бул процесс «тамактык термогенез» деп аталат. Канчалык көп тамак жесе, организм ошончолук көп жылуулук бөлүп чыгарат.
«Эгер сыртта ансыз да аптап болуп турса, ал эми адам көп жана калориясы жогору тамак жесе, организмдеги жылуулук дагы көбөйөт. Натыйжада өзүн начар сезүү, алсыроо, дененин ысып кетиши байкалып, айрым учурларда күн өтүп кетүү коркунучу да жогорулайт», — деп эскертти дарыгер.



