Дүйнө
Аргентинада Лионель Мессиге арналган дүйнөдөгү эң бийик эстелик орнотулду

Аргентинада сегиз жолку «Алтын топтун» ээси жана футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон Lionel Messiге арналган эң бийик эстеликтин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.
Бийиктиги 26 метр, салмагы 70 тонна болгон айкел Кутраль-Ко шаарында орнотулду. Анда футболчу Аргентина улуттук курама командасынын формасында тизелеп отуруп, оң колун көтөргөн абалда сүрөттөлгөн. Анын жанында Дүйнө чемпиондугунун кубогу жайгашкан.
Долбоордун автору — сүрөтчү Aldo Beroisa. Айкелди жаратууга болжол менен бир жыл убакыт кеткен.
Лионель Месси — FC Barcelona клубунун, Испания чемпионатынын жана Аргентина улуттук курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир.


