Коом

Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
 Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бул майрам мамлекетке жана Кыргызстандын элине ак кызмат кылууга – жоопкерчиликтүү жана ардактуу ишке арнаган миңдеген адамдарды бириктирет.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында күчтүү, эгемендүү жана социалдык багыттагы мамлекетти куруу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. Кеңири масштабдагы реформалар мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Заманбап, натыйжалуу жана жыйынтыкка багытталган мамлекеттик башкаруу системасын калыптандыруунун өзөктүү багыттары Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жана жоопкерчилигине мамлекеттин туруктуулугу, анын стратегиялык курсунун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана жарандарыбыздын жашоо сапатынын жакшырышы көп жагынан көз каранды.

Ушуга байланыштуу мамлекет мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу системасын санариптик трансформациялоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана кызматкерлердин заманбап компетенцияларын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды ырааттуу ишке ашырууда.

Ошол эле учурда мамлекет тарабынан кызматкерлердин социалдык жактан корголушун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда. 

2022-жылдан тартып эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 %га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 %га жогорулады. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50 %га чейин көбөйтүү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизүү каралган.

Кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу дагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат. «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында миңдеген жарандар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

Ошол эле учурда заманбап мамлекеттик жана муниципалдык кызмат билимди үзгүлтүксүз жаңыртууну жана кесиптик өнүгүүнү талап кылат.

Бул багытта президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына өзгөчө роль жүктөлгөн. 2025-жылы Академияга өзгөчө макам ыйгарылып, ал өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарын ишке ашыра ала турган жаңы муундагы башкаруучулук кадрларды даярдоонун негизги борборуна айланууда.

Биз кесиптик билим, заманбап компетенциялар жана мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүү натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизи болуп саналат деп ишенебиз.

Урматтуу кесиптештер!

Мамлекетке жана коомго кызмат кылуу мыйзамдуулуктун, жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына берилгендиктин үлгүсү бойдон калууга тийиш.

Өлкөбүзгө жыйынтыкка багытталган иш алып барууга, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга жана президент менен министрлер кабинети тарабынан коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү, кесипкөй, чынчыл, демилгелүү жана мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жетекчилер керек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери мындан ары да мамлекеттин ишенимдүү тиреги болуп, өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоого, эл аралык аброюн көтөрүүгө жана Ата Мекенибиздин стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүүгө татыктуу салым кошот деп ишенем. Биз биргеликте күчтүү, заманбап жана өнүккөн Кыргызстанды курабыз.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ар бирине ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана Ата Журтка кызмат кылууга болгон берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, түгөнгүс күч-кубат, жаңы кесиптик ийгиликтерди, келечекке болгон бекем ишенимди жана Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн жүргүзгөн жооптуу ишиңиздерде зор ийгиликтерди каалайм!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!»

Тектеш кабарлар

Back to top button