1-июлдан тарта карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштайт

1-июлдан тарта «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы пайдаланылган жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерди газ менен камсыздоону убактылуу токтотууга киришет.
Компаниянын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде жарандарды жылытуусуз жана газсыз калтырбоо үчүн карызы бар керектөөчүлөрдүн газы өчүрүлбөйт. Ошондуктан газ берүүнү чектөө иштери салттуу түрдө жай айларында жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында абоненттер карызын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Карыздын бар-жогун компаниянын мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинеттен, расмий сайттан, төлөм дүмүрчөктөрүнөн же «Менин үйүм» кызматы аркылуу текшерүүгө болот.
Карызды компаниянын мобилдик тиркемеси, «Менин үйүм» кызматы, мобилдик капчыктар, банктык тиркемелер жана төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө мүмкүн.
Карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин газ берүү кайра калыбына келтирилет. Бул үчүн карызды төлөп, жеке кабинет аркылуу же кардарларды тейлөө кеңсесине арыз берүү жана паспорт көрсөтүү талап кылынат.
Газды кайра туташтыруунун баасы 1 270 сомду түзөт. Кызмат үчүн төлөмдү Bakai жана MBank мобилдик банкингдери же кардарларды тейлөө кеңселери аркылуу жүргүзүүгө болот. Компаниянын маалыматына ылайык, газ берүү арыз тапшырылгандан кийин үч жумуш күнүнүн ичинде калыбына келтирилет.



