Коом

Бишкекте Чыгыш айланма жолун декабрда ачуу пландалууда

Бишкек шаардык мэриясы калаанын чыгыш тарабындагы айланма жолду декабрда ачууну пландап жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 16 чакырым болгон Кант — Көк-Жар жаңы акы төлөнүүчү автомагистралы шаардын жыш курулуш аймагынан тышкары өтөт. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылып, алдын ала баасы 65 миллион долларды түзөт.

Муниципалитеттин айтымында, жол борбордун чыгыш багытындагы тыгынды азайтууга жардам берет. Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев, Сухэ-Батор жана Лев Толстой көчөлөрү менен кесилишкен жерлерде төлөм пунктулары орнотулат. Ар биринде 10дон терминал болот.

Акы төлөнүүчү жолдо саатына 90 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө болот. Бирок баасы айтыла элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button