Коом

Студенттер үчүн багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия жана жөлөкпул автоматтык түрдө узартылат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жаңы реформаларды жарыялады.

Тактап айтканда, 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттерге багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу дайындалган пенсия жана жөлөкпулдарды автоматтык түрдө узартуу системасы ишке киргизилет.

Буга чейин студенттер жыл сайын окуп жатканын тастыктаган кагаз маалымкатты Социалдык фондго же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тапшырууга милдеттүү болчу. Эгер документ өз убагында берилбесе, төлөмдөр убактылуу токтотулуп, бул аялуу үй-бүлөлөр үчүн каржылык кыйынчылыктарды жаратып, жол кире жана документтерди басып чыгарууга кошумча чыгымдарды алып келчү. Негизги көйгөй билим берүү мекемелеринин жана социалдык органдардын маалымат базаларынын өз ара байланышпагандыгы эле.

Эми ведомстволор аралык толук маалымат алмашуу «Түндүк» электрондук системасы аркылуу камсыздалат.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги студенттердин бирдиктүү жана жаңыланып туруучу маалымат базасын түзүп, аны Социалдык фонддун жана Эмгек министрлигинин маалымат системалары менен интеграциялайт. Мындан ары студенттин окуу макамы жеке идентификациялык номери (ЖИН) аркылуу онлайн режиминде автоматтык түрдө текшерилет. Жарандардын өздөрү эч кандай маалымкат алып келүүгө милдеттүү болбойт.

Бул жаңычылдык 18 миңден ашуун студентке социалдык төлөмдөрдү 1–2 мүнөттүн ичинде автоматтык түрдө узартууга мүмкүнчүлүк түзүп, жасалма документтерди колдонуу жана адам факторунан улам кетүүчү каталарды жокко чыгарат.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев өкмөттүн кезектеги 100 күндүк реформаларын расмий түрдө баштады. Жаңы демилгелер бюрократияны кыскартууга, кагаз документ жүгүртүүдөн толук баш тартууга жана эң көп колдонулган мамлекеттик кызматтарды заманбап, алдын ала кызмат көрсөтүүчү санариптик форматка өткөрүүгө багытталган.

Буга чейин «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында лицензия алуу жол-жоболору да жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button