Коом

Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) башкы директорлорунун катышуусунда кеңешме болуп өттү. Жолугушууда алардын ишмердүүлүгү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Катышуучулар практикалык тажрыйба менен бөлүшүп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, резиденттерди тартууда жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө келип чыккан негизги маселелерди карашты.

Мыйзамдарды өркүндөтүү демилгелери өзгөчө талкууланып, ЭЭАнын натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатын көздөй турганы белгиленди.

Жыйынтыгында ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону улантуу жана Улуттук агенттик менен ЭЭАнын дирекцияларынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо тууралуу макулдашуулар болду.Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууну жана эркин экономикалык аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүнү көздөгөн системалуу ишин улантат.

Тектеш кабарлар

Back to top button