Коом
Мушкер Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди

Легендалуу мушкер Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз бокс лигасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки салмак категориясы боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону 3-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечесине катышат.
Мындан тышкары, Холифилд Кыргызстанда өзүнүн бокс академиясын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылды. Андан сырткары, анын өмүр жолу тууралуу даректүү тасманын айрым эпизоддору Ысык-Көлдө тартыларын айтышты.



