Коом

Кыргызстанга жакынкы айларда 150 тез жардам унаасы келет

Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы айларда 150 тез жардам унаасын алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жакында толук жабдылган Mercedes үлгүсүндөгү 60 тез жардам унаасы келет.

«Мындан тышкары, дагы 90 унаага буюртма кылынды. Учурда Бишкек шаарында тез жардам унаалары менен камсыздоо деңгээли 45 пайызды түзөт. Медициналык кызматкерлердин күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын белек кылды. Алар жаңы эмес, бирок абалы жакшы», — деди Осмонов.

Тектеш кабарлар

Back to top button